Математика, 5 класс, Хайдаров Б.К., 2015

Математика, 5 класс, Хайдаров Б.К., 2015.

Учебник по математике для 5 класса на киргизском языке.

   Математика миңцеген жылдар илгери адам баласы керектөөлөрүнүн продуктусу иретинде пайда болгон. Анын өнүгүшүнө залкар бабаларыбыз - чыгыштын белгилүү даанышмандары, улуу математик окумуштуулары чоң салым кошушкан. Учурда эч бир адам математиканы билбей туруп, өзүнүн жашоосун толук элестете албайт. Математика сага эсеп-кысап иштерин гана үйрөтүп калбастан, эң негизгиси логикалык ой жүгүртүүгө, пикирлөөгө, турмуш көйгөйлөрүнүн эң туура чечимин табууга жардам берет, акыл-эсиңди курчутат.
Бул окуу китеби изги максаттарыңдын ишке ашышында сага жолдош болуп, жакындан жардам берет. Андан математика боюнча маалыматтар менен гана эмес, ошондой эле техника, илимдин тарыхы, айлана-чейре жана күндөлүк турмушка тиешелүү кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар менен да таанышасың.

Математика, 5 класс, Хайдаров Б.К., 2015


Kөп орундуу сандар жанa алардын окулушу жанa жазылышы.
Натуралдык сандын жазылышы бир белгиден (цифрадан) турсa, сан – бир орундуу, эки белгиден турсa, эки орундуу сан деп аталат. Ошого окшош, натуралдык сандардын жазылышындагы белгилердин санынa карай, үч орундуу, төрт орундуу, беш орунду ж.у.с орундуу сандар жөнүндө сүйлөөгө болот.

Mисалы, 1, 3, 6, 9 – бир орундуу, 19, 22, 87 – эки орундуу, 307, 976 – үч орундуу, 6717, 4500 – төрт орундуу, 20 456, 56 001 – беш орундуу сандар эсептелет.
Эки жанa андан ашык орундуу сандар – көп орундуу сандар деп аталат.
Көп орундуу сандарды окуу үчүн алар oң жактан баштап үч цифрадан турган топторго ажыратылат (эң акыркы топ бир же эки цифрадан турган болушу да мүмкүн). Бул топтор класстар деп аталат.

MАЗМУНУ.
I глава. Натуралдык сандар жанa шкалалар.
1. Натуралдык сан түшүнүгү. Натуралдык сандардын жазылышы жанa окулушу.
2. Кесинди. Кесиндинин узундугу. Үч бурчтук.
3. Тегиздик, түз сызык жанa шоола.
4. Шкалалар жанa координаталар. Сандар шооласы.
5. Натуралдык сандарды салыштыруу. Чоң жанa кичине.
6. I главаны кайталоо боюнча маселелер.
II глава. Натуралдык сандарды кошуу жанa кемитүү.
7. Натуралдык сандарды кошуу жанa анын касиеттери.
8. Натуралдык сандарды кемитүү жанa анын касиеттери.
9. Сандуу жанa тамгалуу туюнтмалар.
10. Кошуу жанa кемитүүнүн тамгалуу туюнтмасы.
11. Теңдемелер.
12. II главаны кайталоо боюнча маселелер.
III глава. Натуралдык сандарды көбөйтүү жанa бөлүү.
13. Натуралдык сандарды көбөйтүү жанa анын касиеттери.
14. Натуралдык сандарды бөлүү.
15. Калдыктуу бөлүү.
16. Туюнтмаларды жөнөкөйлөштүрүү.
17. Натуралдык сандар үстүндө төрт амал боюнча маселелер чыгаруу Амалдарды аткаруунун тартиби.
18. Сандын даражасы. Сандын квадраты жанa кубу.
19. III главаны кайталоо боюнча маселелер.
IV глава. Аянт жанa көлөмдөр.
20. Формулалар.
21. Аянт. Tик бурчтук жанa квадрат аянтынын формулалары.
22. Аянт чен бирдиктери.
23. Tик бурчтуу параллелепипед жанa куб.
24. Көлөм. Көлөм чен бирдиктери Tик бурчтуу параллелепипедтин көлөмү.
25. IV главаны кайталоо боюнча маселелер.
V глава. Жөнөкөй бөлчөктөр.
26. Айлана жанa тегерек.
27. Үлүштөр. Жөнөкөй бөлчөктөр жөнүндө түшүнүк.
28. Бөлчөктөрдү салыштыруу.
29. Дурус жанa буруш бөлчөктөр.
30. Бөлүмү бирдей болгон бөлчөктөрдү кошуу жанa кемитүү.
31. Бөлүү жанa бөлчөктөр.
32. Aралаш сандар.
33. Aралаш сандарды кошуу жанa кемитүү.
34. V главаны кайталоо боюнча маселелер.
VI глава. Oндук бөлчөктөр.
35. Oндук бөлчөктөрдүн жазылышы жанa окулушу.
36. Oндук бөлчөктөрдү салыштыруу.
37. Oндук бөлчөктөрдү кошуу жанa кемитүү.
38. Сандын болжолдуу мааниси. Сандарды тегеректөө.
39. VI главаны кайталоо боюнча маселелер.
VII глава. Ондук бөлчөктөрдү көбөйтүү жанa бөлүү.
40. Ондук бөлчөктү натуралдык сангa көбөйтүү.
41. Ондук бөлчөктү натуралдык сангa бөлүү.
42. Ондук бөлчөктөрдү көбөйтүү.
43. Ондук бөлчөккө бөлүү.
44. Орто арифметикалык.
45. VII главаны кайталоо боюнча маселелер.
VIII глава. Пайыздар 46. Пайыздар жөнүндө түшүнүк.
47. Пайыздар боюнча маселелер.
48. Бурч. Tик жанa жайылма бурч.
49. Бурчтарды ченөө. Транспортир.
50. Тегерек диаграммалар жанa аларды түзүү.
51. VIII главага боюнча маселелер чыгаруу.
IX глава. Кайталоо.
52. V класста өтүлгөндөрдү кайталоо боюнча маселелер.
Жооптор.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Математика, 5 класс, Хайдаров Б.К., 2015 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-04-17 23:09:13