Обучалка в Телеграм

Геометрия, 7 класс, Хайдаров Б., Таштемирова Н., Асраров И., 2022


Геометрия, 7 класс, Хайдаров Б., Таштемирова Н., Асраров И., 2022.

Учебник по геометрии для 7 класса на киргизском языке.

   Сен математиканын эң кызыктуу бөлүмү – геометрияны үйрөнүүнү баштадың. Кенже класстарда айрым геометриялык фигуралар жана алардын касиеттери менен таанышкан элең. 7-класста геометриялык фигуралардын укмуштуу ааламына саякаттап, аны кеңири жана системалуу түрдө үйрөнүүгө киришесиң.
Бизди геометриялык фигуралар ааламы курчап турат. Геометриялык фигураларга күндөлүк турмушта ар кадамда туш келебиз. Чындыгында, төрт бурчтук түрүндөгү терезе рамкасы, кар бүртүгүнүн таң калыштуу формасы, түрдүү формадагы имараттар, күкүрт кутусу, велосипеддин дөңгөлөгү, самындын көбүкчөлөрү, гүлдөр, дарактын жалбырактары жана ушул сыяктуу нерселер белгилүү бир фигурага ээ.

Геометрия, 7 класс, Хайдаров Б., Таштемирова Н., Асраров И., 2022


Геометрияны үйрөнүүдө ойдун удаалаштыгы жана байланыштуулугу.
Ушул маалга чейин бир топ геометриялык фигуралар жана алардын касиеттери менен таанышып чыктык. Мисалы, өткөн темада вертикалдуу бурчтар менен тааныштык жана алардын өз ара тең болушун көрдүк. Эстесең, бул касиет менен жөн эле таанышпастан, аны далилдедик. “Вертикалдуу бурчтар өз ара тең болушат” деген далилдин туура экендигин ой жүгүртүү аркылуу негиздедик. Бул “далил” түшүнүгү менен алгачкы таанышуубуз болду. Геометрияга биринчи болуп “далил” түшүнүгүн алып кирген математик б.з.ч. 625–527-жылдарда жашаган милеттик грек аалымы Фалес эсептелет.

Кандайдыр бир далилдин туура экенин логикалык ой жүгүртүү менен келтирип чыгаруу далил деп аталат. Туура экендиги далилдөө жолу менен негизделүүчү далил болсо теорема деп аталат. Теорема адатта шарт жана жыйынтык бөлүктөрүнөн турат. Теореманын биринчи – шарт бөлүгүндө эмнелер берилгени баяндалат. Экинчи – жыйынтык бөлүгүндө болсо эмнени далилдөө керектиги баяндалат. Мисалы, төмөнкү теореманы алып карайлы.

MАЗМУНУ.
I БӨЛҮМ. ГЕОМЕТРИЯНЫН БАШТАЛГЫЧ ТҮШҮНҮКТӨРҮ.
1. Жөнөкөй геометриялык фигуралар.
2. Кесинди. Кесиндилерди салыштыруу жана ченөө.
3. Бурч. Бурчтарды салыштыруу жана ченөө.
4. Иш жүзүндө машыгуу жана колдонуу. Билимиңди сынап көр.
5. Бурчтун түрлөрү.
6. Перпендикулярдуу түз сызыктар.
7. Иш жүзүндө машыгуу жана колдонуу. Билимиңди сынап көр.
II БӨЛҮМ. ҮЧ БУРЧТУКТАР.
8. Үч бурчтуктар, алардын түрлөрү жана элементтери.
9. Үч бурчтуктардын барабардыгынын биринчи белгиси.
10. Тең капталдуу үч бурчтуктун касиеттери.
11. Үч бурчтуктардын барабардыгынын экинчи белгиси.
12. Үч бурчтуктардын барабардыгынын үчүнчү белгиси.
13. Иш жүзүндө машыгуу жана колдонуу. Билимиңди сынап көр.
III БӨЛҮМ. ПАРАЛЛЕЛЬ ТҮЗ СЫЗЫКТАР.
14. Параллель түз сызыктар.
15. Эки түз сызыктын параллелдик белгилери.
16. Эки параллель түз сызык жана кесүүчү пайда кылган бурчтар.
17. Иш жүзүндө машыгуу жана колдонуу. Билимиңди сынап көр.
IV БӨЛҮМ. ҮЧ БУРЧТУКТУН ЖАКТАРЫ МЕНЕН БУРЧТАРЫНЫН АРАСЫНДАГЫ БАЙЛАНЫШТАР.
18. Үч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы.
19. Тик бурчтуу үч бурчтуктар.
20. Бурчтун биссектрисасынын касиети.
21. Үч бурчтуктун жактары менен бурчтарынын арасындагы байланыштар.
22. Иш жүзүндө машыгуу жана колдонуу. Билимиңди сынап көр.
V БӨЛҮМ. ТҮЗҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ МАСЕЛЕЛЕР.
23. Циркуль жана сызгыч менен геометриялык түзүүгө байланыштуу маселелер.
24. Иш жүзүндө машыгуу жана колдонуу. Билимиңди сынап көр.
VI БӨЛҮМ. КАЙТАЛОО.
25. Кайталоо боюнча маселелер.
26. Иш жүзүндө машыгуу жана колдонуу. Билимиңди сынап көр.
7-класс үчүн геометрияга тиешелүү негизги маалыматтар.
Жооптор жана көрсөтмөлөр.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Геометрия, 7 класс, Хайдаров Б., Таштемирова Н., Асраров И., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-12-17 23:14:05