Обучалка в Телеграм

Геометрия, 10 класс, Хайдаров Б., Таштемирова Н., Асроров И., 2022


Геометрия, 10 класс, Хайдаров Б., Таштемирова Н., Асроров И., 2022.

Учебник по геометрии для 10 класса на киргизском языке.

   Кымбаттуу окуучу! Сен геометриянын бөлүмүн – стереометрия курсун үйрөнүүнү баштайсың. Стереометрия мейкиндиктеги геометриялык фигуралардын касиеттерин үйрөнүүгө багышталган. 10-класста стереометриянын аксиомалары жана алардын натыйжалары, мейкиндиктеги түз сызыктар менен тегиздиктердин параллелдиги жана перпендикулярдуулугу менен таанышасың.
Илимди, ошонун катарында, геометрияны окутуудан көздөлгөн негизги натыйжа окуучуларда тиешелүү компетенцияларды – билим жана көнүккөндүктөргө негизделген тажрыйбадан турмушта билгичтик менен пайдаланууну калыптандыруудан турат. Китепте берилген бардык тапшырмалар жана көнүгүүлөр мына ошол максатты жүзөгө ашырууга багытталган.

Геометрия, 10 класс, Хайдаров Б., Таштемирова Н., Асроров И., 2022


СТЕРЕОМЕТРИЯНЫН НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨРҮ.
Белгилүү болгондой, геометриялык фигуралар тегиздикте толук жаткан же жатпаганына карай жалпак жана мейкиндиктеги фигураларгa бөлүнөт. Ушул убакытка чейин геометрия сабактарында негизинен жалпак геометриялык фигуралардын касиеттерин үйрөндүк. Ал эми 9-класстын акырында кээ бир мейкиндиктеги фигуралар: призма, пирамида, цилиндр, конус жана шардын (1-сүрөт) касиеттерин карап чыккан элек.

Геометриянын планиметрия бөлүмү жалпак геометриялык фигураларды, ал эми стереометрия бөлүмү мейкиндиктеги геометриялык фигуралардын (же нерселердин) касиеттерин үйрөнөт. Стереометрия сөзү грекчеден алынган болуп, stereos – «мейкиндиктеги», metreo – «ченеймин» деген маанини билдирет.

MАЗМУНУ.
I ГЛАВА ПЛАНИМЕТРИЯНЫ СИСТЕМАЛУУ КАЙТАЛОО.
1. Геометриянын логикалык түзүлүшү.
2. Геометриялык маселелер жана аларды чыгаруунун усулдары.
3. Главаны кайталоо боюнча иш жүзүндө машыгуулар.
II ГЛАВА СТЕРЕОМЕТРИЯГА КИРИШҮҮ.
4. Стереометриянын негизги түшүнүктөрү.
5. Мейкиндикте түз сызыктар жана тегиздиктер.
6. Мейкиндиктеги геометриялык фигуралар. Көп грандыктар.
7. Көп грандыктарды сүрөттөө жана моделин түзүү.
8. Көп грандыктардын жөнөкөй кесилиштерин түзүү.
9. Долбоор иши боюнча машыгуу.
10. Главаны кайталоо боюнча иш жүзүндө машыгуулар.
III ГЛАВА МЕЙКИНДИКТЕ ТҮЗ СЫЗЫК МЕНЕН ТЕГИЗДИКТЕРДИН ПАРАЛЛЕЛДИГИ.
11. Мейкиндикте түз сызыктардын өз ара жайлашуусу.
12. Кайчылаш түз сызыктар.
13. Мейкиндикте түз сызык менен тегиздиктердин өз ара жайлашуусу.
14. Мейкиндикте тегиздиктердин өз ара жайлашуусу.
15. Мейкиндикте параллель проекциялоо.
16. Главаны кайталоо боюнча иш жүзүндө машыгуулар.
IV ГЛАВА МЕЙКИНДИКТЕ ТҮЗ СЫЗЫК МЕНЕН ТЕГИЗДИКТЕРДИН ПЕРПЕНДИКУЛЯРДУУЛУГУ.
17. Мейкиндикте перпендикулярдуу түз сызыктар жана тегиздиктер.
18. Мейкиндикте перпендикуляр, жантык жана аралык.
19. Үч перпендикуляр жөнүндөгү теорема.
20. Мейкиндикте тегиздиктердин перпендикулярдуулугу.
21. Мейкиндикте ортогоналдык проекция жана андан техникада пайдалануу.
22. Главаны кайталоо боюнча иш жүзүндө машыгуулар.
V ГЛАВА КАЙТАЛОО.
23. Кайталоо боюнча маселелер.
Геометрия боюнча негизги маалыматтар.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Геометрия, 10 класс, Хайдаров Б., Таштемирова Н., Асроров И., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-12-17 23:14:04