Обучалка в Телеграм

Адабият, 7 класс, Мугалимдери үчүн методикалык колдонмосу, Темирова М., Сотволдиев М., 2022


Адабият, 7 класс, Мугалимдери үчүн методикалык колдонмосу, Темирова М., Сотволдиев М., 2022.

Учебник по литературе для 7 класса на киргизском языке.

   Бул 7-класстын окуу китебинин методикалык колдонмосу кыргыз адабияты мугалимдерине арналат. Анда аталган класста адабиятты окутуунун жалпы өзгөчөлүктөрү көрсөтүлүп, айрым темаларды үйрөтүү боюнча методикалык сунуштар айтылат.

Адабият, 7 класс, Мугалимдери үчүн методикалык колдонмосу, Темирова М., Сотволдиев М., 2022


«КОЖОЖАШ» ЭПОСУ.
«Кожожаш» 7-класстын адабият курсунун бет ачар чыгармасы, ал гана эмес ал кыргыз фольклорундагы чыгыш теги жактан эң көөнө мурастардын катарына кирет. «Кожожаш» ... аң уулап, мергенчилик менен мээнеттүү өмүр сүргөн адамдын, табиятка таазим кылган эзелки муундардын жаратылыштын жапан күчтөрү менен күрөшкөн алардын турмушу жөнүндөгү эң байыркы драмалык дастан»(Ч.Айтматов). Демек, андагы балага жете турган башкы нерсе – эпостун байыркылыгы, байыркы кыргыздардын жашоо-турмушу, табиятка мамилеси.

Андыктан мугалим сабагын кызыктуу баштоо үчүн жергиликтүү материлдарды, атап айтканда, өлкөдөгү азыркы экологиялык кырдаалды жана бала жашаган чөлкөмдөгү, ал күндө көрүп-билип жүргөн конкреттүү бир экологиялык абалдарды талдап, ошолордун айланасында ой жүгүртүү менен бүйүр кызытып алууга болот. Адам менен жаратылыштын байланышынын ар кандай шарттарын айтып, азыркы окуучулар көбүнчө жаратылышты сактоо керек, жаныбарларды өлтүрбөө керек, токойлорду өрттөбөө, дарактарды кыйбоо зарыл деген жалпы сөздөрдү айтат. Балдар булардын көбүн китептен жаттап алган, же жөн эле кургак кепти айта салат. Ошондуктан мугалим суроо койгондо аларды атайын чаргытуу керек.

МАЗМУНУ.
КИРИШҮҮ.
Көркөм сөз өнөрү.
АДАМ, ЖАРАТЫЛЫШ, ӨЗГӨЧӨЛҮК. ЭЛДИК ЭПОСТОР.
«Кожожаш» эпосу.
Миф жөнүндө түшүнүк.
«Эр Табылды» эпосу.
Адабият теориясынан. Эпос жөнүндө түшүнүк.
Алыкул Осмоновдун ырлары.
Жоомарт Бөкөнбаевдин ырлары.
Аскад Мухтар.
Адабият теориясынан. Уйкаштык жөнүндө түшүнүк.
Эрнест Хемингуэй. «Чал жана деӊиз» повести.
КӨЗҮМДҮН КАРЕГИНДЕСИӉ, АТА ЖУРТ!.
Надырбек Алымбеков «Ата Журтка айтарым» ыры.
Батма Абдухамидова чыгармалары.
Адабият теориясынан. Новелла жөнүндө түшүнүк.
Турсунбай Адашбаевдин «Мекен» жөнүндөгү ырлары.
Азада Бегимкулова «Ата журттун топурагы» ыры.
Расул Гамзатов «Эне тил» ыры.
Адабият теориясынан. Ыргак (ритм) жөнүндө түшүнүк.
ӨТМҮШТҮН ЖАӉЫРЫКТАРЫ.
Алишер Наваий. Казалдар.
Адабият теориясынан. Казал жөнүндө түшүнүк.
Токтогул Сатылганов. «Санат», «Насыят».
Төлөгөн Касымбеков. «Келкел».
Ашым Жакыпбеков. «Айкашка».
Осмонкул Бөлөбалаев. «Бизден мурда өткөндөр», «Уялам».
Айтыш жөнүндө түшүнүк.
Пиримкул Кадиров. «Коркунучтуу жолугушуу».
ТҮРКҮН КӨРҮНҮШТӨР.
Аалы Токомбаев. «Жараланган жүрөк» аӊгемеси.
Касымалы Баялинов. «Курман жылга».
Чыңгыз Айтматов «Бетме-бет» повести.
Жалил Садыков. «Манастын уулу Семетей» драмасы.
Султан Раев. «Эмне дейм, сизге эжеке» аӊгемеси.
Икбал Мырзанын ырлары.
Антон Павлович Чехов «Хамелеон».
Окутуунун интерактив усулдары боюнча айрым сунуштар.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Адабият, 7 класс, Мугалимдери үчүн методикалык колдонмосу, Темирова М., Сотволдиев М., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-11-21 00:15:42