Обучалка в Телеграм

Алгебра, 7 класс, Акмалов А., Сапарбоев Ж., 2022


Алгебра, 7 класс, Акмалов А., Сапарбоев Ж., 2022.

Учебник по алгебре для 7 класса на киргизском языке.

Фрагмент из книги:
Абу Абдуллах Мухаммад ибн Муса ал-Харезмий Харезмде болжол менен 783-жылы туулган.
Харезмийдин калемине таандык 20 дан ашуун чыгарманын 10у гана бизге чейин жетип келген. Алар – “Ал-жабр вал-мукабала эсеби жөнүндө кыскача китеп” – алгебралык чыгарма, “Инди эсеби жөнүндө китеп” же “Кошуу жана кемитүү жөнүндө китеп” – арифметикалык чыгарма, “Kитаб суратул арз” – географияга тиешелүү чыгарма. “Зиж”, “Устурлаб менен иштөө жөнүндө китеп”, “Устурлаб жасоо жөнүндө китеп”, “Устурлаб жардамында азимутту аныктоо жөнүндө”, “Kитабур рухома”, “Kитабут тарих”, “Еврейлердин календары жанa майрамдарды аныктоо жөнүндө китепче”. Бул чыгармалардын төртөөсү араб тилинде, бири Фарганий чыгармасынын курамында, экөөсү латинче котормодо сакталган.

Алгебра, 7 класс, Акмалов А., Сапарбоев Ж., 2022


Примеры.
400 мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 50 сү университетке, 100 ү политехника техникумуна, 150 сү бизнес коллежге жана калгандары ишке кирүүнү пландаштырууда. Тегерек диaграммaдa ошол окуучулардын үлүштөрүн тиешелүү түрдө көрсөт. Диaграммaгa тиешелүү белгилерди кой.

Атайын аспапка 100 конфет салынган, анын туткасы айландырылганда 1 ден конфет түшөт. Андагы конфеттер көк, кызгылт, сары жана жашыл түстүү болуп, алардын ар бири бирдей санда жана аралаштырып жиберилген. Манас аспаптын туткасын айландырып, бир кызгылт конфетке ээ болду. Тутканы айландыруу кезеги Мураткa келди. Мураттын кызгылт конфет алуу ыктымалдыгы жөнүндө кайсы пикир орундуу?
A) Ал анык кызгылт конфетке ээ болот.
B) Анын ыктымалы Манастын кызгылт конфет алышы ыктымалынан көбүрөөк.
C) Анын ыктымалы Манастын кызгылт конфет алышы ыктымалы менен бирдей.
D) Анын ыктымалы Манастын кызгылт конфет алышы ыктымалынан азыраак.

MАЗМУНУ.
Абу Абдуллах Мухаммад ибн Муса ал-Харезмий.
6-класста өтүлгөндөрдү кайталоо.
1-ГЛАВА. АЛГЕБРАЛЫК ТУЮНТМАЛАР ЖАНА ДАРАЖА.
1. Сандуу туюнтмалар.
2. Алгебралык туюнтмалар.
3. Алгебралык барабардыктар, формулалар.
4. Кашааларды ачуунун эрежеси жана коэффициент.
5. Арифметикалык амалдардын касиеттери.
6. Натуралдык көрсөткүчтүү даража.
7. Натуралдык көрсөткүчтүү даражанын касиеттери.
8. Бир мүчө жана анын стандарттык түрү.
9. Бир мүчөлөрдү көбөйтүү жана бөлүү.
10. Көп мүчөлөр.
11. Окшош мүчөлөр жана аларды кыскартуу.
12. Көп мүчөлөрдү кошуу жана кемитүү.
13. Көп мүчөлөрдү көбөйтүү.
14. Көп мүчөлөрдү бөлүү.
15. Көп мүчөлөрдү көбөйтүүчүлөргө ажыратуу.
2-ГЛАВА. КЫСКАЧА КӨБӨЙТҮҮНҮН ФОРМУЛАЛАРЫ.
1. Сумманын квадраты жана айырманын квадраты.
2. Квадраттардын айырмасы.
3. Сумманын кубу. Айырманын кубу.
4. Кубдардын суммасы жана айырмасы.
5. Көбөйтүүчүлөргө ажыратуунун усулдары.
6. Кыскача көбөйтүүнүн формулаларынын колдонулушу.
3-ГЛАВА. АЛГЕБРАЛЫК БӨЛЧӨКТӨР.
1. Алгебралык бөлчөк. Бөлчөктөрдү кыскартуу.
2. Алгебралык бөлчөктөрдү жалпы бөлүмгө келтирүү.
3. Алгебралык бөлчөктөрдү кошуу жана кемитүү.
4. Алгебралык бөлчөктөрдү көбөйтүү жана бөлүү.
5. Долбоор иши.
4-ГЛАВА. СЫЗЫКТУУ ТЕҢДЕМЕ.
1. Теңдеме жана анын тамыры.
2. Бир белгисиздүү сызыктуу теңдемелер.
3. Теңдемелерди чыгаруунун ал-Харезмий усулу.
4. Маселелерди теңдеменин жардамында чыгаруу.
5-ГЛАВА. СЫЗЫКТУУ ФУНКЦИЯ.
1. Декарттын координаталар системасы.
2. Функция түшүнүгү.
3. Сызыктуу функция.
4. Долбоор иши.
6-ГЛАВА. СЫЗЫКТУУ ТЕҢДЕМЕЛЕР СИСТЕМАСЫ.
1. Сызыктуу теңдемелер системасы.
2. Сызыктуу теңдемелер системасын чыгаруунун усулдары.
3. Сызыктуу теңдемелер системасынын жардамында маселе чыгаруу.
7-ГЛАВА. МААЛЫМАТТАР МЕНЕН ИШТӨӨ.
1. Комбинаториканын негизги эрежелери.
2. Комбинатордук маселелердин түрлөрү.
3. Комбинатордук маселелерди чыгаруунун усулдары.
КАЙТАЛОО.
КОШУМЧА ТАПШЫРМАЛАР.
ЭЛ АРАЛЫК БААЛОО ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАПШЫРМАЛАР.
ЛОГИКАЛЫК ТАПШЫРМАЛАР.
МАТЕМАТИКАЛЫК ТЕРМИНДЕР.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Алгебра, 7 класс, Акмалов А., Сапарбоев Ж., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-10-30 23:11:58