Өзбекистан мамлекети жана укугунун негиздери, 8 класс, Каримова О., Исматова Н., Сариков Ш., Омонова О., 2019

Өзбекистан мамлекети жана укугунун негиздери, 8 класс, Каримова О., Исматова Н., Сариков Ш., Омонова О., 2019.

Учебник по праву для 8 класса на киргизском языке.

Фрагмент из книги:
Журтубузда соңку жылдарда мындай өзгөрүүлөр, жаңылануулар болуп жатат, бул өзгөрүүлөр тездигинен, көлөмүнөн, таң каларлыгынан акыл шашат. Аз мөөнөттө курулуп жаткан курулуштар, ишке түшүрүлүп жаткан завод-фабрикалар, пайдаланууга берилип жаткан билим берүү, ден соолукту сактоо жайлары, лагерлер, спорт, искусство, маданият жайларынын баары эл үчүн, силер менен биз үчүн курулуп жатат.
Соңку жылдарда, эгемендүүлүккө жетишкен доорубуз кийинки доордо алгач эгемендүүлүктүн чыныгы маанисин билдирүүчү идеяинсан кызыкчылыктарын мамлекетибиздин иш-аракетинин борборуна алып чыгуу идеясы алга сүрүлдү.

Өзбекистан мамлекети жана укугунун негиздери, 8 класс, Каримова О., Исматова Н., Сариков Ш., Омонова О., 2019


Коом.
Сен «коом» сөзүн турмушта көп укккансың. Мисалы, көп фирмалар аттарынын алдына «жоопкерчилиги чектелген коом» деп жазып коюлган. Мындай фирмаларды бир канча адамдар биргеликте ишкердик иш-аракетин жүргүзүү максатында уюштурат. Анткени, алар биргеликте иш-аракетин жүргүзүү максатында чакан коом түзүшөт. «Керектөөчүлөр коому», «Көзү көрлөр коому», «Философтор коому» өңдүү аттар менен белгилүү. Мындай коомдорго, өз кезегинде, керектөөчүлөр өздөрүнүн укуктарын чогуу коргоо максатында, көзү көрлөр биргеликте өндүрүш же чыгармачылык ишаракет менен алектенүү максатында, ойчул окумуштуулар философия тармагындагы татаал суроолорго биргеликте жооп издөө, биргеликте илимий изилдөөлөр алып баруу максатында биригишет.

Мына ушундай аталган коомдордун кайсы бирин албайлы, кандайдыр адамдар жамааты чогуу бир максатты көздөгөнүн көрөбүз. Бирок булардын бардыгы тар маанидеги коомго мисал боло алат. «Коом» түшүнүгүн кең мааниде үйрөнүү үчүн кайра турмуштан мисал келтиребиз. Чоңдор сага же досторуңа «өсүп-улгайып, бейпил коомубуздун керектүү мүчөсү болуп эрезеге жеткин», деген тилектер билдиргенине көп жолу күбө болгонсуң. Эми кандай коом жөнүндө сөз болуп жатат? Сен менен биз бардыгыбыз чоңдор жана кичинелер мүчөсү болгон кең маанидеги коом менен таанышабыз.

МАЗМУНУ.
Окуу китебинен пайдалануу боюнча жалпы көрсөтмөлөр.
1-тема. Өзбекстан Республикасы – эгемендүү мамлекет.
I БӨЛҮМ ЖАК, КООМ ЖАНА МАМЛЕКЕТ.
2-тема. Адам (личность).
3-тема. Коом.
4-тема. Мамлекет.
5-тема. Мамлекеттин функциялары.
6-тема. Мамлекеттин башкаруу формасы.
7-тема. Мамлекеттин түзүлүш формасы.
8-тема. Саясий тартип (режим). Мамлекеттик органдар. Мамлекет механизми.
Бөлүм боюнча үлгүлүү тесттер.
II БӨЛҮМ ЖАРАНДЫК КООМ ЖАНА УКУКТУК МАМЛЕКЕТ.
9-тема. Жарандык коому.
10-тема. Укуктук мамлекет.
Бөлүм боюнча үлгүлүү тесттер.
III БӨЛҮМ ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДА МАМЛЕКЕТТИ БАШКАРУУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ.
11-тема. Өзбекстан Республикасында мамлекеттик башкаруу.
12-тема. Өзбекстан Республикасы Президенти.
13-тема. Өзбекстан Республикасында мыйзам чыгаруучу орган.
14-тема. Өзбекстан Республикасынын аткаруучу бийлик органдары.
15-тема. Өзбекстан Республикасынын сот системасы.
Бөлүм боюнча үлгүлүү тесттер.
IV БӨЛҮМ АДЕП-АХЛАК ЖАНА УКУКТУК МАМИЛЕЛЕР.
16-тема. Адеп-ахлак жана укук.
17-тема. Укуктук нормалар.
18-тема. Укуктун тармактары.
19-тема. Укуктук мамилелер.
20-тема. Өзбекстан Республикасынын мыйзам булактары.
21-тема. Укуктук аң-сезим жана укуктук маданият.
Бөлүм боюнча үлгүлүү тесттер.
V БӨЛҮМ УКУК БУЗУУ ЖАНА УКУКТУК ЖООПКЕРЧИЛИК.
22-тема. Укук бузуучулук.
23-тема. Юридикалык жоопкерчилик.
24-тема. Укук коргоочу мамлекеттик органдар.
25-тема. Юстиция министрлиги. Адвокатура жана Нотариалдык мекемелер.
26-тема. Куралдуу Күчтөр жана жаштарды аскердик-патриоттуулук рухунда тарбиялоо.
Бөлүм боюнча үлгүлүү тесттер.
VI БӨЛҮМ БОЙГО ЖЕТЕ ЭЛЕКТЕРДИН УКУКТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ.
27-тема. Жарандык мыйзамдуулугунда бойго жете электердин укуктары.
28-тема. Кылмыш мыйзамдуулугунда бойго жете электердин укук жана милдеттенмелери.
29-тема. Үй-бүлө мыйзамдуулугунда бойго жете электердин укуктары.
30-тема. Эмгек мыйзамдуулугунда бойго жете электердин укуктары.
Бөлүм боюнча үлгүлүү тесттер.
Тиркеме: Бойго жете электердин укук жана милдеттери.
“Өзбекстан мамлекети жана укугунун негиздеринен” маселелер.
Айрым юридикалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Өзбекистан мамлекети жана укугунун негиздери, 8 класс, Каримова О., Исматова Н., Сариков Ш., Омонова О., 2019 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-03-27 23:51:11