Өзбекстан тарыхы, 10 класс, Ражабов К., Замонов A., 2017

Өзбекстан тарыхы, 10 класс, Ражабов К., Замонов A., 2017.

Учебник по истории для 10 класса на киргизском языке.

   Өзбекстандын совет доору тарыхынын өзүнчө өзгөчөлүктөрү жана доорлоштуруу маселелери. Ушул окуу китебинин беттеринде Мекенибиз тарыхынын эӊ татаал жана карама-каршылыктуу, чоӊ жоготуулар жана бүлгүнгө учураган, азаптарга бай, ошондой эле ата-бабаларыбыздын журттун азаттыгы жана өз алдынчалыгы үчүн жүргүзгөн каармандарча күрөштөрү, жеӊилүүлөрү жана ийгиликтери, ошондой эле өзбек элинин жаратуучулук аракеттери жана жанын аябаган эмгектерин өз ичине алган Өзбекстандын совет доорундагы тарыхы чагылдырылган.

Өзбекстан тарыхы, 10 класс, Ражабов К., Замонов A., 2017


Tүркстан АССРда совет бийлигине каршы куралдуу кыймылдар.
Tүркстанда советтик режимге каршы куралдуу кыймылдын башталышы. Түркстан аймагында большевиктер бийлигиндеги советтик режимине каршы боштондук кыймылы 1918-жылдын февралынын соӊку он күндүгүндө алгач Кокон тегерегиндеги Бачкир кыштагынан болгон Кичүү Эргеш (1885 - 1918) жана Чоӊ Эргеш (1882 –1921) өӊдүү корбашылардын аттары менен байланыштуу болуп саналат. 27-февралда большевиктердин аскердик күчтөрүнө каршы салгылашуулардын биринде Кичүү Эргеш шейит болгон соӊ, анын ордуна Чоӊ Эргеш Фергана өрөөнүндө большевиктердин колонизатордук тартибине каршы боштондук желегин көтөрдү. Кокон уездиндеги кыймылдын алгачкы таяныч точкасы Бачкир эле. 1918-жылдын март айынын акырына келип Чоӊ Эргештин аты Фергана өрөөнүнүн калкы ортосунда өтө белгилүү болуп кетти. Маргиланда болсо милициянын мурунку башчысы Мадаминбек - Мухаммад Аминбек Ахмадбек уулу (1892–1920) күрөш баштады.

Фергана өрөөнүндө 1918-жылдын ортолоруна келип, болжолдуу 100 гө жакын корбашы өздөрүнүн топтору менен кызыл армия бөлүктөрүнө каршы күрөш алып барышты. Бирок совет бийлигинин мыйзамдуу документтеринде улуттук боштондук кыймылынын маани-маӊызы жасалмалаштырылып, ал «басмачылык» кыймылы, анын катышуучулары болсо, «басмачылар» деп туура эмес түшүндүрүлдү.

МАЗМУНУ.
Киришүү.
Биринчи глава. Түркстан өлкөсүндө совет бийлигинин орнотулушу жана өзбек элинин эгемендүүлүк үчүн күрөшү (1917–1924-жылдар).
1-§. Tүркстан өлкөсү 1917-жыл февраль-октябрь арасында.
2-§.Түркстанда совет бийлигинин зордук жолу менен орнотулушу жана большевиктер диктатурасы.
3-§.Түркстан Мухторияты – түпкү жергиликтүү элдердин мамлекеттүүлүгү тарыхында жаӊы баскыч.
4-§.Tүркстан өлкөсүндө совет бийлигинин башкаруу системасынын түзүлүшү жана экономика тармагындагы өзгөрүүлөр.
5-§. Tүркстан АССРда совет бийлигине каршы куралдуу кыймылдар.
6-§. Бухара эмирлигинде реформалар үчүн күрөш жана кызыл армия тарабынан эмир бийлигинин кулатылышы. БКСРнын түзүлүшү жана иш-аракети.
7-§. Хива хандыгындагы абал ошондой эле хан бийлигинин кулатылышы. ХХСРнин түзүлүшү жана түрдүү реформалар.
8-§. БКСР жана ХКСРда кызыл армияга каршы күрөш.
9-§.Орто Азия республикаларында өткөрүлгөн улуттук территориялык чектелүү жана анын акыбеттери.
Экинчи глава. Совет бийлигинин Өзбекстанда жүргүзгөн саясаты (1925–1939-жылдар).
10-§. Өзбекстан ССРнин түзүлүшү.
11-§. Өзбекстанда айыл чарбасын коллективдештирүү саясаты жана кулактардын сүргүндөлүшү.
12-§.Өзбекстанда индустриялаштыруу саясатынын турмушка ашырылышы жана кадрлар маселеси.
13-§. Өзбек кыз-келиндерин азаттыкка чыгаруу жараяны жана проблемалар.
14-§. Өзбекстанда совет бийлиги жүргүзгөн маданий саясат.
15-§. Совет бийлигинин Өзбекстандагы репрессиялык саясаты: анын мааниси жана акыбеттери.
Үчүнчү глава. Өзбекстан Экинчи дүйнөлүк согуш-жылдарында (1939–1945-жылдар).
16-§. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы жана Өзбекстандын согуш иримине тартылышы.
17-§. Өзбекстандын өнөр жайы жана айыл чарбасы фронт кызматында.
18-§. Өзбекстандыктардын фронттогу эрдиктери жана баатырдыктары.
19-§. Өзбекстан илими жана маданияты - жеӊиш үчүн кызматта.
Төртүнчү глава. Өзбекстандын социалдык-экономикалык абалы жана өнүктүрүү проблемалары (1945-1959-жылдар).
20-§. Өзбекстан эл чарбасынын согуштан кийинки абалы.
21-§. Интеллигенттердин репрессияланышы жана совет коомунда жеке адамга сыйынуучулук жүзүнүн ачылышы.
22-§. Өзбекстанда өнөр жайдын бир жактуу өнүгүшү.
Бешинчи глава. Өзбекстан бекем өнүгүү доорунда (1959 – 1983-жылдар).
23-§. Өзбекстандын саясий турмушундагы өзгөрүүлөр жана советтердин партия органдарына көз карандуулугу.
24-§. Өзбекстанда күйүүчү заттар жана тоо-кен өнөр жайынын пайда болушу, ошондой эле элдин улуттук курамындагы өзгөрүүлөр.
25-§. Өзбекстанда экологиялык кырдаалдын кыйындоосу жана Арал кырсыгы.
Алтынчы глава. Өзбекстанда совет бийлигинин кризиси жана эгемендүүлүк үчүн аракеттер (1984 – 1991-жылдар).
26-§. Өзбекстанда пахта иши жана анын акыбеттери.
27-§. Кайра куруу саясаты жана анын кризиси. Фергана кырсыктары.
28-§. Өзбекстан эгемендүүлүккө жетишүү босогосунда.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Өзбекстан тарыхы, 10 класс, Ражабов К., Замонов A., 2017 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-04-17 23:26:55