Кыргыз тили, 10 класс, Уринбаева Ш., 2017

Кыргыз тили, 10 класс, Уринбаева Ш., 2017.

Учебник по киргизскому языку для 10 класса на киргизском языке.

Фрагмент из книги:
Тил кандайча пайда болгон? Биздин күнгө чейин кандай процесстерди башынан өткөргөн? Анын өсүп-өнүгүү, баюу жолу кандай? Бул өндүү суроолорду чечмелөө үчүн адам баласынын басып өткөн жолуна кайрылууга туура келет.
Эмгектенүүнүн натыйжасында адам же кече күн өткөрбөстөн, биримдешип, алгачкы эң жөнөкөй эмгек каражаттарын ойлоп табууда, коркунучтуу жаныбарлардын таасиринен коргонууда, биргелешип аң уулоого чыкканда өз ара пикир алышуунун элементтери пайда боло баштаган. Тисшелүү даражада бирин-бири түшүнүүгө аракеттер жасалган. Ымдоо, жамдоо, сүрөт тартуу аркылуу түшү-нүшүп отуруп, бара-бара татаалданган, бир муундуу сөздөрдөн куралган жөнөкөй сөздөрдөн — азыркы пикир алышуунун каражатына, улуттук, мамлекеттик, мамлекет аралык милдет аткаруучу кызматка айланды.

Кыргыз тили, 10 класс, Уринбаева Ш., 2017


Илимий стиль.
Стилдин бул түрү илимий иштерди жазууда колдонулат. Мунун негизги милдети — ойду так, системалуу, жыйынтыктуу жазуу. 20-жылдардын аяк чендеринен тартып, орто мектептер, педагогика окуу жайлары үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча окуу китептери түзүлүп, илимий эмгектер жарыкка чыкты; 40-жылдардан баштап, бул предметтер боюнча илим-изилдөө иштери активдүү жүргүзүлө баштады, жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралдары түзүлдү. Химия, физика, математика, биология, тарых ж. б. боюнча окуу китептери кыргыз тилине которула баштады. Булардын баары кыргыз адабий тилинин системасында илимий стилдин акырындап түзүлүшүнө, калыптанышына ылайыктуу шарт түздү.

Илимий стилде ойдун логикалык жагынан ачык-айкын болушуна, илимий түшүнүккө так аныктама берилишине өзгөчө көңүл бурулат. Ошол себептүү логикалык ой ар түрдүү далилдөөлөргө, аныктамаларга, формулаларга таянат. Илимий иштердин тили так, жыйынтыктуу болсун үчүн сөздөр дайыма өзүнүн түз маанисинде колдонулуп, көп маанилүүлүккө жол берилбейт. Илим тармагына тиешелүү болгон терминдер арбын пайдаланылат.

MАЗМУНУ.
§1. Тилдин чыгышы жана өнүгүшү.
БАЙЛАНЫШТУУ КЕП.
§2. Стиль жана стилисттика.
§3. Корком стиль.
§4. Илимий стиль.
§5. Расмий иш кагаздары.
§6. Публицистикалык стиль.
ФОНЕТИКА ЖАНА КЕП МАДАНИЯТЫ.
Фонема жөнүндө түшүнүк.
§7. Үнсүз тыбыштардын жасалуу ордуна карай бөлүнүшү.
§8. Үнсүз тыбыштардын жасалуу ыгына карай бөлүнүшү.
§9. Үндөштүк (сингармонизм) мыйзамы.
§10. Үнсүз тыбыштардын өзгөрүшү.
§11. Бир соз ичинде үнсүздөрдүн алга жана артка карай окшошуп өзгөрүүсү.
§12. Эки соз аралыгындагы үнсүз тыбыштардын алга же артка окшошуп өзгөрүүсү жана алардын жазылышы.
ОРФОГРАФИЯ ЖАНА ОРФОЭПИЯ.
§13. Кыргыз орфографиясынын негизги принциптери.
§14. Орфоэпиянын негизги эрежелери.
ЛЕКСИКА ЖАНА КЕП МАДАНИЯТЫ.
§15. Сөздүн коп маанилүүлүгү (полисемия).
§16. Табу жана эвфемизм.
§17. Кыргыз лексикасындагы активдүү жана пассивдүү соз катмарлары.
§18. Кыргыз адабий тили жана жергиликтүү диалектилер менен карымкатышы.
§19. Кыргыз ономастикасы анын колдонулушу.
МОРФОЛОГИЯ ЖАНА КЕП МАДАНИЯТЫ.
§20. Грамматикалык маани, грамматикалык форма жана грамматикалык категория жөнүндө жалпы түшүнүк.
§21. Грамматикалык жана мейкиндик жөндөмөлөр.
§22. Жакталыш жана анын түрлөрү.
§23. Этиштик татаал формалары жана анын жасалышы.
§24. Жардамчы этиштердин түрлөрү.
§25. Этиштик татаал формалардын түрлөрү.
§26. Этиштин өзгөчө формалары.
СИНТАКСИС ЖАНА КЕП МАДАНИЯТЫ.
§27. Баш мүчөлөрдүн (ээ менен баяндоочтун) ортосуна сызыкчанын коюлушу.
§28. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүнүн ээрчишүүсү: толук ээрчишүү, толук эмес ээрчишүү.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Кыргыз тили, 10 класс, Уринбаева Ш., 2017 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-04-25 01:19:09