Обучалка в Телеграм

Сүрөт өнөрү, 7 класс, Сулаймонов А., Мухамеджанова С., 2022


Сүрөт өнөрү, 7 класс, Сулаймонов А., Мухамеджанова С., 2022.

Книги по изобразительному искусству для 7 класса на киргизском языке.

   Ардактуу окуучу! Сага берилип жаткан бул жаңы муун китебинде сүрөт өнөрүнүн түрлөрү, жанрлары, агым жана багыттары, чыгармачыл сүрөтчүлөр, дизайн, композициялык ишмердүүлүк, каллиграфия (көркөм жазуу) өнөрү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышасың. Сүрөт өнөрү сабактарында алган билимдериң, өздөштүргөн практикалык компетенцияларың кесип тандооңдо сага жакындан жардам берет. Ал үчүн сен китептеги темаларды кунт коюп өздөштүрүшүң, практикалык тапшырмаларды аткарып, өз чеберчилигиңди арттырып барууң зарыл болот. Бул китеп чыгармачыл ишмердүүлүк менен байланыштуу болгон сүрөтчүлүк, айкелчилик, дизайнeрлик, архитекторлук сыяктуу кесиптер жөнүндө түшүнүккө ээ болууң үчүн маанилүү булак милдетин өтөшүнө үмүт кылабыз.

Сүрөт өнөрү, 7 класс, Сулаймонов А., Мухамеджанова С., 2022


ПУАНТИЛИЗМ СТИЛИНДЕ НАТЮРМОРТ ТАРТУУ.
Пуантилизм стилинде натюрморт тартуу пейзаж тартуудан бир аз татаалыраак. Анткени пейзажда перспектива мыйзамдарына негизинен деталдар алыстаган сайын кичирейип, көрүнүшүнүн тактыгы азайып барат. Түстөр да алыстаган сайын күңүрттөшүп, жалпы агыш көк түскө айланып барат. Натюрмортто болсо перспектива менен түстөрдүн абалдары анчалык өзгөрбөйт.

Пуантилизм стилинде тартылган төмөндөгү сүрөттү кунт коюп кара (18-сүрөт). Мында алгач
сүрөттүн бетине кочкулураак түстөгү түс берип алынган. Ушундан соң тоголок формадагы түс
сүртмөлөрү берилген. Бул усулда кочкул түстөгү түстөрдүн үстүнөн ачык түстөгү боёкторду сүртүү тартиби колдонулган. Акварель боёгу тунук болгондуктан кабаттап сүртүлгөндө түстөр коюуланып барат. Ошондуктан пуантилизм стилинде натюрморт тартууда гуашь боёгунан пайдалануу керек.

МАЗМУНУ.
1-ЧЕЙРЕК.
1-тема. Сүрөт өнөрүндө символикалык белги жана геральдика.
2-тема. Искусство фестивалынын, спорттук мелдештин логотибин тартуу.
3-тема. Сүрөт өнөрүндө агым жана багыттар. Импрессионизм жана постимпрессионизм.
4-тема. Пуантилизм стилинде пейзаж тартуу.
5-тема. Пуантилизм стилинде натюрморт тартуу.
Текшерүү иши. Пуантилизм стилинде пейзаж (же натюрморт) тартуу.
6-тема. Кубизм стилинде натюрморт тартуу.
2-ЧЕЙРЕК.
7-тема. Графикалык программалар аркылуу (жардамында) китептин мукабасынын дизайнын тартуу.
8-тема. Китептин иллюстрациясы.
Текшерүү иши. Адабият сабагында окуган темалардан бирине иллюстрация тартуу.
9-тема. Шрифттүү-графикалык композиция.
10-тема. Коллаж техникасында сүрөт тартуу.
3-ЧЕЙРЕК.
11-тема. Айкелчиликте (скульптура) портрет.
12-тема. Айкелчилик материалдарынан декоративдүү буюмдар жасоо.
13-тема. Ландшафт дизайны үчүн функционалдуу-декоративдүү айкелче жасоо.
14-тема. Айкелчиликте декоративдүү панно жасоо. Рельеф.
Текшерүү иши. Пластилин же ылайдан каалаган темада рельеф сымал композиция жасоо.
15-тема. Өзбекстандын колдонмо жасалга өнөрүндө символикалык фигуралар.
16-тема. Ислимий оймо тартуу.
4-ЧЕЙРЕК.
17-тема. Дизайн өнөрү.
18-тема. Архитектурада композиция. Интерьердин дизайны.
19-тема. Архитектурада композиция. Экстерьердин дизайны.
20-тема. Архитектура чөйрөсүндө граффито композициясы.
Текшерүү иши. “Спорттук мелдештер” темасында дубал сүрөт – граффито үчүн композиция тартуу.
21-тема. “Кыялымдагы шаар” темасында архитектуралык композиция тартуу.
22-тема. Фотографияда композиция.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Сүрөт өнөрү, 7 класс, Сулаймонов А., Мухамеджанова С., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-12-18 00:27:00