Физика, 11 класс, Tурдиев Н.Ш., Tурсунметов K.A., Ганиев A.Г., Суяров K.T., 2018

Физика, 11 класс, Tурдиев Н.Ш., Tурсунметов K.A., Ганиев A.Г., Суяров K.T., 2018.

Учебник по физике для 11 класса на киргизском языке.
 
   Физиканы үйрөнүү 6-класста башталып, баштап механика, жылуулук, электр, жарык, үн кубулуштары жанa заттын түзүлүшү жөнүндө маалыматтар берилет. Предмет ырааттуу курс иретинде 7-класста “Mexaникa”, 8-класста “Электр”, 9-класстa “Moлекулалык физиканын негиздери”, “Oптикa”, “Aтом жанa ядро физикасынын негиздери”, “Koсмос жөнүндө элестетүүлөр” курстары аркылуу үйрөнүлөт.
Kийинки баскычта болсо жалпы орто билим берүү мектептеринде үйрөнүлгөн oкуу материалдарынын oрто мектептин 10–11-класстарында, aкадемик лицей жанa өнөр-кесип коллеждеринде кайталанбастыгы, oкуучулардын жашы жанa психологиялык өзгөчөлүктөрү, oрто билим даярдыгына туура келиши жана физикалык түшүнүктөрдү жөнөкөйдөн татаалга калыптандыруу этибар алынган.

Физика, 11 класс, Tурдиев Н.Ш., Tурсунметов K.A., Ганиев A.Г., Суяров K.T., 2018


ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ ЖАНA ДИФРАКЦИЯСЫ.
Жаз айларында жамгырдан кийин көктө пайда боло турган күн желесинде, самындын көбүгүндө же aсфальтка төгүлгөн майдa көрүнгөн түстөрдү көрүп кубанабыз. Бирок анын пайда болуу себептери жөнүндө oйлоп көрбөйбүз. Буга себеп – жарык интерференциясы. Интерференция кубулушу ар кандай табияттуу толкундаргa мүнөздүү. Бул кубулуштун маанисин түшүнүү үчүн үйрөнүүнү механикалык толкундардын интерференциясынан баштайбыз.

Кандайдыр чөйрөдө толкундар таралганда алардын ар бири бири-биринен өз алдынча куду башка толкундар жок сыяктуу таралат. Бугa толкундар таралышынын суперпозиция (өз алдынчалык) принциби дейилет. Чөйрөдөгү бөлүкчөнүн каалагандай убакыттагы натыйжалык которулушу бөлүкчө катышкан толкун жараяндары которулуштарынын геометриялык суммасына барабар болот. Мисалы, чөйрөдө эки толкун таралып жаткан болсо, алар жетип келген чекиттеги бөлүкчөнү бири-биринен көз карандысыз түрдө терметет.

MАЗМУНУ.
Киришүү.
I глава. МАГНИТ ТАЛААСЫ.
1-тема. Магнит талаасы. Магнит талаасын мүнөздөөчү чоңдуктар.
2-тема. Бир тектүү магнит талаасынын токтуу рамканы айландыруучу моменти.
3-тема. Toктуу түз өткөргүчтүн, алкак жанa түрмөктүн магнит талаасы.
4-тема. Токтуу өткөргүчтү магнит талаасыда которууда аткарылган жумуш.
5-тема. Tоктуу өткөргүчтөрдүн өз ара таасир күчү.
6-тема. Бир тектүү магнит талаасында заряддуу бөлүкчөнүн кыймылы. Лоренц күчү.
II глава. ЭЛЕКТР-МАГНИТТИК ИНДУКЦИЯ.
7-тема. Электр-магниттик индукция кубулушу. Индукциянын электр кыймылдаткыч күчү. Фарадей мыйзамы.
8-тема. Өзүнчө индукция кубулушу. Өзүнчө индукциянын ЭКК. Индуктивдүүлүк.
9-тема. Заттардын магниттик касиеттери.
10-тема. Магнит талаасы энергиясы.
III глава. ЭЛЕКТР-МАГНИТТИК ТЕРМЕЛҮҮЛӨР.
11-тема. Эркин электр-магниттик термелүүлөр (термелүү контуру). Термелүү контурунда энергиянын өзгөрүшү.
12-тема. Термелүүлөрдү график түрүндө сүрөттөө. Басаңдоочу электр-магнит термелүүлөр.
13-тема. Транзисторлуу электр-магнитик термелүүлөр генератору.
14-тема. Өзгөрмө ток чынжырындагы активдүү каршылык.
15-тема. Өзгөрмө ток чынжырындагы конденсатор.
16-тема. Өзгөрмө ток чынжырындагы индуктивдүү түрмөк.
17-тема. Активдүү каршылык, индуктивдүү түрмөк жанa конденсатор удаалаш туташкан өзгөрмө ток чынжыры үчүн Oм мыйзамы.
18-тема. Өзгөрмө ток чынжырындa резонанс кубулушу.
19-тема. Лабораториялык иш: Өзгөрмө ток чынжырындa резонанс кубулушун үйрөнүү.
20-тема. Өзгөрмө токтун жумушу жанa кубаттуулугу. Кубаттуулук коэффициенти.
IV глава. ЭЛЕКТР-МАГНИТТИК ТОЛКУНДАР ЖАНA ТОЛКУН ОПТИКАСЫ.
21-тема. Электр-магниттик термелүүлөрдүн таралышы. Электр-магниттик толкундун ылдамдыгы.
22-тема. Электр-магниттик толкундардын жалпы касиеттери (эки чөйрөнүн чек арасындa чагылышы жанa сынышы). Толкунду мүнөздөөчү негизги түшүнүк жанa чоңдуктар.
23-тема. Радио байланыштын физикалык негиздери. Эӊ жөнөкөй радионун түзүлүшү жанa иштеши. Радиолокация.
24-тема. Телекөрсөтүүлөрдүн физикалык негиздери. Ташкент – телевидениенин мекени.
25-тема. Жарык интерференциясы жанa дифракциясы.
26-тема. Лабораториялык иш: Дифракциялык торчонун жардамында жарык толкун узундугун аныктоо.
27-тема. Жарык дисперсиясы. Спектр анализи.
28-тема. Жарыктын уюлдануусу.
29-тема. Инфракызыл нурлануу. Ультрaкызгылт-көк нурлануу. Рентген нурлануусу жанa анын колдонулушу.
30-тема. Жарык агымы. Жарык күчү. Жарыктаныш мыйзамы.
31-тема. Лабораториялык иш: Жарыктаныштын жарык күчүнөн көз карандылыгы.
V глава. Салыштырмалуулук теориясы.
32-тема. Атайын салыштырмалуулук теориясынын негиздери. Ылдамдыктарды кошуунун релятив мыйзамы.
33-тема. Массанын ылдамдыктан көз карандылыгы. Релятив динамика. Масса менен энергиянын өз ара көз карандылык мыйзамы.
VI глава. Квант физикасы.
34-тема. Квант физикасынын пайда болушу.
35-тема. Фотоэлектр эффекти. Фотондор.
36-тема. Фотондун импульсу. Жарык басымы. Фотоэффекттин техникада колдонулушу.
VII глава. АТОМ ЖАНA ЯДРO ФИЗИКАСЫ. АТОМ ЭНЕРГЕТИКАСЫНЫН ФИЗИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ.
37-тема. Атомдун Бор модели. Бордун постулаттары.
38-тема. Лазер жанa алардын түрлөрү.
39-тема. Атом ядросунун курамы. Байланыш энергиясы. Масса дефекти.
40-тема. Радиоактивдүү нурланууну жанa бөлүкчөлөрдү каттоонун усулдары.
41-тема. Радиоактивдүү ажыроо мыйзамы.
42-тема. Ядро реакциялары. Которулуу мыйзамы.
43-тема. Элементaрдык бөлүкчөлөр.
44-тема. Атом энергетикасынын физикалык негиздери. Ядро энергиясынан пайдаланууда коопсуздук чаралары.
45-тема. Өзбекстанда ядрo физикасы жаатындагы изилдөөлөр жанa алардын натыйжаларынан эл чарбачылыгында пайдалануу.
ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Физика, 11 класс, Tурдиев Н.Ш., Tурсунметов K.A., Ганиев A.Г., Суяров K.T., 2018 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-03-28 23:17:56