Учебник по географии для 8 класса на киргизском языке.
Алган билимиңдин негизинде Жер жүзүнүн, өлкөбүздүн жаратылышы жөнүндө башкаларга да түшүнүк бере аласың. Адамдардын ишмердиги, жашоо мүнөзү, өндүрүштүн аймактык айырмаланы-шы сыяктуу адамзаттын, коомдун турмушу менен тикеден-тике байланышкан билимдер да бар. Мына ошолорду үйрөнгөн илимге «экономикалык жана социалдык география» дейилет. Ал адам иш-аракетинин аймактык уюштурулушу менен байланышкан экономикалык жана социалдык маселелерди белгилүү бир өлкө боюнча да, бүткүл дүйнөлүк көлөмдө да үйрөнөт. Ушул окуу жылында сүйүктүү Мекенибиз — Өзбекстандын экономикалык жана социалдык географиясын үйрөнөсүң.








