Учебник по чувству родины для 5 класса на киргизском языке.
Кымбаттуу окуучу, ушул күндөрдө өлкөбүздө Эгемендүүлүк майрамына багышталган массалык иш-чаралар, оюн-зооктор жүрүп жатат. Ата журтубуз жөнүндө, анын эгемендүүлүгү жөнүндө жылуу сөздөр, алкыш жана ырларды угуп, көз карандысыздык канчалык улуу жетишкендик экендигин бардыгыбыз чын жүрөктөн туюп жатабыз. Мына ушундай кезде «Ушундай азат жана абат Мекенге ылайыктуу перзент болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?», «Мекен сезими, Мекенге болгон сүйүү кандай иштерде көрүнөт?» деген суроолор туулушу табигый, албетте. Мындай суроолорго жооп табууда «Мекен сезими» окуу китеби сага жардамчы жана кеңешчи болот, деп ойлойбуз.








