Учебник по истории для 9 класса на киргизском языке.
Сен эгемендүү Өзбекстандын перзентисиң. Дүйнө тарыхын үйрөнүүдө мамлекетибиздин жетекчиси Шавкат Мирзиёевдин «...дүйнөдө, айланабызда коомубуздагы туруктуу кырдаалды изден чыгаруу, адамдардын арасына бүлүк салуу, душмандык үрөнүн себүү, түрдүү жаңжалдарды келтирип чыгаруу жана атүгүл кан төгүлүшүн каалап жаткан күчтөр да, бакытка каршы, жок эмес», деген сөздөрүн эсте тутууң жана анын тамырлары XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башына барып такалаарын билишиң зарыл.
Сен жалпы орто билим берүүчү мектептин 9-классына кадам койдуң. 8-класста «Дүйнө тарыхы» боюнча XVI кылымдын башынан XIX кылымдын 2-жарымына чейинки доорду үйрөндүң. Бул мезгилде коомдун өнүгүүсүндө өсүү күчөдү. Өндүрүш ирилешти. Саясий демократия расмийлешип, жогорку катмарлардын бийликчил формалары өркүндөдү. Эми дүйнө тарыхынын эң кызыктуу, ошону менен бирге, татаал доорун үйрөнөсүң. Анткени, бул доордо дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болду. Бул мезгилдин негизги белгиси - өндүрүштө моноиолисттик капитализм орноду. Ар түрдүү синдикаттар, картелдер, коицерндер иайда болду. Өндүрүш борборлошту, чет элге капитал чыгаруу башталды. Бир топ мамлекеттер 100 жылда жетише албаган өнүгүүгө жетишишти.








