Учебник по физкультуре для 3 класса на киргизском языке.
3-класста сени абдан көп кызыктуу машыгуулар күтөт. Сен гимнастика, спорт оюндарынын элементтери, жаңы жалпы өнүктүрүүчу көнүгүүлөрдү жана кызыктуу улуттук кыймылдуу оюндарды үйрөнөсүң. Ушуну менен бирге, организмиңди жана дене тарбиялык сапаттарыңды өнүктүрүү үчүн татаал көнүгүүлөр аткаруу керек экендигин билип аласың.
Мындан сырткары, сен үчүнчү класста кандай көнүгүүлөр болоорун, алар бири-биринен эмнеси менен айырмаланаарын, алар кандай сапаттарды өнүктүрүү үчүн колдонулаарын, көнүгүүлөрдү жана андан кандай пайдалануунун жолдорун билип аласың. Ошону менен бирге, дене тарбиялык машыгуулардын комплекси өзү эмне экенин жана аларды кандай удаалаштыкта аткарууну, өзүңдүн дене тарбиялык сапаттарыңдын өрчүү даражасын күзөтүп барууну үйрөнөсүң.








