Учебник по естествознанию языку для 3 класса на киргизском языке.
Фрагмент из книги:
Түндө асманда Ай жана жылдыздар көрүнөт. Күндүзү Күн Жер жүзүн жарытат жана ысытат. Күн нурунан тоо, жайлоо, токой жана чөлдөрдөгү өсүмдүктөр өсөт. Тоо жана түздүктөрдө, токой, чөлдөрдө түрдүү жаныбарлар жашайт. Асманда ар түрдүү куштар учуп жүрөт. Кээде асманда булуттар пайда болот. Айрым мезгилдерде жаан жаайт. Аба сууп 0 °С тан төмөндөгөндө болсо кар жаайт. Кар, муз жана жамгыр сууларынан дарыялар пайда болот. Көптөгөн дарыялар өз суусун көл же деңиздерге куят. Дарыя, көл жана деңиздер ар түрдүү суу өсүмдүктөрү жана жаныбарларына бай. Булардын бардыгы табият болуп саналат.








