Учебник по истории для 9 класса на киргизском языке.
Сен ушул окуу китеби менен таанышуу жараянында жакынкы өтмүшүбүздөгү түрдүү тарыхый окуялардын баяндамаларына туш келесиң. Бул окуяларга терең баа берүү аябай оңой иш эмес. Эгемендүү мамлекетчилигибиздин мазмунун толук түшүнүп жетүү үчүн колонизатордук шарттарда ушул аймакта жашаган элдердин башынан өткөндөрдү, зордук-зомбулук, түрдүү зулумдарга карабай, өзүнүн ишенимин, руханиятын жана изги жолдогу тырышчаактыгын сактап калгандыгы жөнүндөгү тарыхый чындыкты билүү чоң мааниге ээ.
