Учебник по окружающему миру для 2 класса на киргизском языке.
Сен көрүп турган бардык нерселер — имараттар, дарактар, гүлдөр, суулар, машиналар, көпөлөктөр, тоолор, Күн, Ай жана жылдыздарды айланабыздагы аалам дейбиз (1-сүрөт).
Айланабыздагы аалам өтө ар түркүн болуп, сырлары көп.
Адамдар эзелтен табиятты үйрөнүүгө кызыгышкан. Анын сырларын билүүгө умтулушкан.
Айланабыздагы ааламды үйрөнүү ага байкоо жүргүзүүдөн башталат. Биз бул ааламды сезүү органдарыбыз менен сезебиз жана күзөтөбүз.








