Учебник по литературе для 7 класса на киргизском языке.
Адабият – бардык өнөрдүн (искусствонун) ичинен турмушту, адамды, айлана-чөйрөнү кенен-кесири чагылдырып берген сөз өнөрү. Көркөм чыгарма адамдардын баарына бирдей даражада жеткиликтүү да, түшүнүктүү да болот. Ал ошол бардыгына жагымдуулугу, жугумдуулугу аркылуу искусствонун башка түрлөрүнөн айырмаланат.
