Учебник по киргизскому языку для 11 класса на киргизском языке.
Кыргыз тил илиминин фонетика, орфография, орфоэпия, лексика, морфология, синтаксис, байланыштуу кеп сыяктуу негизги бөлүмдөрү 5—9-класстарда системалуу курс катары жөнөкөйдөн татаалга, жеңилден оорго карай принцибинин негизинде окутулуп келген жана 10-класста ал материалдар бир кыйла терендетилип, кеңейтилген. Ал эми 11-класста «Кыргыз эли колдонгон жазуулар», «Фразеология», «Кыргыз лексикасынын баюу жолдору» өндүү жаңы бөлүмдөр киргизилип, буга чейинки окуучулардын алган илимий-теориялык билимдери бир кыйла терендетилип, кээ бир темаларга окуучулардын оз алдынча ой жүгүртө билүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу, тил каражаттарынын таасирдүүлүгүн, образдуулугун терең өздөштүрүү максатын кездеген практикалык иштерге көбүрөөк орун берилди.








