Учебник по истории для 11 класса на киргизском языке.
XX кылымдын акыркы жылдары жанa XXI кылымдын башында Өзбекстандын тарыхында таптакыр жаңы барак ачылды. Ал тарыхый доор иретинде түпкү бурулушту баштап берди. Өзбекстандын советтик түзүлүш шарттарындагы соңку жылдары жанa көз карандысыз өнүгүү доору элибиздин бир нече миң жылдык тарыхында өзүнүн маани-мазмуну, жараяндарынын тездиги, окуяларынын чечкиндүүлүгү менен ажырап турат.
Китептен Өзбекстандын мамлекеттик көз карандысыздыкка чыгышы, жаңы коомго өтүү доорунда саясий реформалардын ишке ашырылышы, Өзбекстанда укуктук-демократиялык мамлекеттин курулушу, жарандык коомдун калыптанышы, экономикалык реформаларды тереңдештирүү боюнча иш-чаралар, руханий тазаруу жанa улуттук баалуулуктардын калыбына келиши, ошондой эле Өзбекстандын дүйнөлүк коомчулуктан өзүнүн ордун табышы сыяктуу маселелер орун алган.








