Учебник по изобразительному искусству для 7 класса на киргизском языке.
Урматтуу окуучулар! Силер сүрөт өнөрү негиздеринен сабак алып, анын түрлөрү жана жанрлары, белгилүү сүрөтчүлөр, прикладдуу искусство усталары, скульпторлор, алардын чыгармалары жөнүндө билимге ээ болдуңар, сүрөт өнөрүнүн бир түрү же жанрында өз алдынча чыгармачыл иш аткаруу боюнча өз талантыңарды көрсөтүүнү үйрөндүңөр. Бул окуу жылында сүрөт өнөрү сабактары аяктайт. Ошондуктан, устатыңардан «Сүрөт өнөрү» окуу предмета боюнча көбүрөөк билимдерди өздөштүрүүгө умтулгула. Айрыкча, сүрөт онөрүнүн татаал темалары — искусстводо агым жана багыттар, символдук мыйзамчылыктары, байыркы каллиграфия искусствосуна таандык билимдерди зээндүүлүк менен ээлешиңер талап кылынат. Бирок, силер өз талаитыңар, көркөм-эстетикалык чеберчилигиңер, сүрөт өнөрүнө таандык билимиңер менен устатыңар, теңдешиңер, ата-энеңерди кубанта ала турган жаштасыңар.
