Учебник по информатике для 5 класса на киргизском языке.
Илим жана техника, айрыкча маалымат технологиялары тездик менен өркүндөп бара жаткан ушул доордо ар бир инсан өзүнүн жашоосунда маанилүү болгон билим жана көнүкмөлөргө ээ болушу зарыл.
Өз алдынча жашоого чечкиндүү кадам таштоо, чөйрөбүздө болуп жаткан өзгөрүүлөр жана жаңылыктар менен пикирлеш болуп жашоо үчүн ар бир окуучу төмөнкү билим жана көнүкмөлөргө ээ болушу зарыл:
– жаңы билимдерди издөө;
– тапшырма, маселе жана көнүгүүлөрдү аткарууда теңдештери менен кызматташып иштөө;
– билимдерди ээлөө, тапшырма, маселе жана көнүгүүлөрдү аткарууда компьютерден пайдалануу.
5-класста силер алгачкы жолу «Информатика» предметин үйрөнөсүңөр. Информатика сабагында жаңы түшүнүктөрдү үйрөнөсүңөр, маселе жана тапшырмаларды аткарууда компьютерден пайдаланасыңар.
Информатика предмети айланаңарда, көз алдыңарда болуп жаткан окуяларды жакшыраак түшүнүүгө, жаңы билимдерди ээлөөгө эң жакын жардамчы болуп калат.








