Учебник по этикету для 4 класса на киргизском языке.
Ардактуу окуучу! Колуңда турган китеп сенин 1-2-3-класстарда «Адеп» сабагынан алган билимдериңди байытат. Бул китеп менен дос тутунсаң, адеп-ахлак эрежелерин гана эмес, ошондой эле турмушта өзүң үчүн керек боло турган өтө көп нерселерди билип аласың.
Сен барган сайын чоңоюп, чоң келечекти көздөй кадам коюудасың. Мына ушул жашоо менен таанышууңда, анын тартип-эрежелерин өздөштүрүүңдө «Адеп» китеби көмөк болот.
Инсан адеби менен сулуу. Ошондуктан ата-бабаларыбыз жаштайынан илим жана адеп-ахлак эрежелерин ээлөөгө үгүттөгөн.
