Учебник по естествознанию для 6 класса на киргизском языке.
Кымбаттуу окуучулар! Бул окуу жылында сен “Табигый илимдерди” үйрөнүүнү улантасың. Сени табият жөнүндөгү билимдердин кооз ааламын бойлой кызыктуу саякатка чакырам. Табият жөнүндөгү билимдер сага жашоодо зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүдө жардам берет. Сен 1–5-класстарда окуу учурунда табият жөнүндөгү көптөгөн түшүнүк жана терминдер, мыйзамченемдүүлүктөр менен таанышкансың. Өткөн класстарда ээлеген билим, тажрыйба жана көндүмдөр жаңы билимдер үчүн пайдубал болот.








