Учебник по биологии для 5 класса на киргизском языке.
Илим-билим, техника тез өнүгүп жаткан, коомдук, экологиялык абал мамилелери үзгүлтүксүз үйрөнүлүп жатканы азыркы убакта жалпы орто билим берүүчү мектептерде биология предметин мазмун жагынан азыркы заман талаптарына ылайык түрдө окутуу (STEAM жандашуусу) - предмет мугалимдеринин алдында турган ете орчундуу милдет болуп саналат.
Эми силер табият таануу сабактарынан алган билимиңерди жаңы предмет - биология аркылуу калыптандырасыңар. Биология тиричилик женүндегү илим болгондуктан, ал табиятты үйренөт, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн изилдейт. Биология илиминин мааниси анын илим-техника жана технологиянын енүгүшүне, ендүрүш тармактары жана күнделүк турмушта ээлеген орду менен белгиленет.
