Учебник по литературе для 10 класса на киргизском языке.
Фрагмент из книги:
Ондогон кылымдарды карытып, оомалуу-төкмөлүу, узак жол басып, жалпы адам баласынын тарыхый жолунда кимге таандык экени билинип турган изин калтырып, тириликтин негизги белгиси машакатын тартып, тынымсыз күрөштө болуп, өмүр-жашоо деген өзгөчө татаал чыйырдын миндеген тоскоолдуктарынан өтүп, өмүр-өлүм үзөңгүлөш жүргөн далай кагылыш-кармаштарды баштан кечирип, өз наамы-атын, эл катарындагы өзүнө таандык өзгөчө белгилерин жоготпой сактап, тээ байыртадан бери келе жаткан түптүү эл — кыргыздардын ата-бабалары бүгүнкү урпактарына мурас кылып калтырган өзгөчө баалуу байлыктарынын мааниси, көлөмү боюнча орчундууларынын бири — элдик оозеки көркөм чыгармачылыгы.
