Учебник по технологии для 6 класса на киргизском языке.
Aрдактуу окуучу! Өткөн жылдар бою Сен “Технология” предметине тиешелүү көптөгөн билимдерди үйрөндүң жана чыгармачыл иштерди өз алдынча аткарып келдиң. Эми алган билим, көндүм жана тажрыйбаларыңды дагы да бекемдеген түрдө, өз колдоруң менен түрдүү материалдардан кооз буюмдар, түрдүү механизмдин негизинде кыймылдоочу жөнөкөй жабдуулар, робототехника элементтеринин жардамында акылдуу техника жана технологияларды жасоону үйрөнөсүң.
Сен улуу келечекти жаратуучу, жаңы технологияларды турмушка ашыруучу, анын натыйжасында мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуучу инсан болуп эсептелесиң.
Бул жаңы муун китебинин негизинде алган билимдериң келечек турмушуңда маанилүү орунду ээлей турган практикалык эмгек иш-аракетине даярдык көрүшүңдө жана өзүң кызыккан өнөр-кесиптин түрлөрүнүн бирин туура тандооңдо Сага жакындан жардам берет деп ишенебиз.
