Учебник по технологии для 2 класса на киргизском языке.
Сен ушул окуу китебинин жардамында түрдүү практикалык тапшырмаларды аткарууну үйрөнөсүң. Китепте түстүү кагаздан ар түрдүү гүлдөр, макеттер, куттуктоо баракчалары, түрдүү көрүнүштөгү оюнчуктар, канаттуулар менен жаныбарлардын түспөлүн жасоо, кездемелерден кооз буюмдарды даярдоо усулдары үйрөтүлөт.
Ошондой эле аппликация жана мозаика усулунда иштөө жана башка түрдүү кол иштерин аткаруу жараяндары да көрсөтүп берилген. Teхнология сабактарында берилген практикалык иштерди баскычтуу түрдө аткаруу менен бирге темадагы суроо жана тапшырмаларга толук жооп беришиң, ишти сапаттуу аткарышың жана коопсуздук эрежелерине амал кылышың керек.
