Учебник по физике для 10 класса на киргизском языке.
Бул китеп табияттагы жараян жана кубулуштарды күзөтүү, анализдөө, физикалык кубулуштарды үйрөнүүдө аспаптардан туура пайдалана алуу, физикалык түшүнүк жана чоңдуктарды математикалык формулалар менен туюнта алуу, илим багытында жетишип жаткан ийгиликтер, алардын практикадагы колдонулушу аркылуу окуучуларда илимий көз караштарды өнүктүрүүгө, келечекте аларды илим жана технология ийгиликтеринен туура пайдаланууга багыттоону максат кылган. Китепте “Динамика. Статика элементтери”, “Механикалык термелүүлөр жана толкундар”, “Гидродинамика”, “Электростатикалык талаа”, “Туруктуу ток закондору”, “Түрдүү чөйрөлөрдө электр тогу”, “Магнит талаа” бөлүмдөрү үйрөнүлөт.








