Учебник по истории для 11 класса на киргизском языке.
Дүйнө тарыхынын 1991-жылдан башталган доорунда дүйнөнүн социалдык-саясий жана экономикалык режиминде чоң өзгөрүүлөр болду. Бул мезгилде коомдун жашоосунун бардык тармактарына күчтүү таасир көрсөткөн фактор илимий-техникалык революциянын жаңы баскычы – компьютер-маалымат революциясы болду. Бул революциянын таасири астында өнүккөн мамлекеттерде цивилизациянын индустриалдык баскычынан постиндустриалдык, маалыматтык баскычына өтүү башталды.
Бул китеп ошол мезгил окуяларын баяндоо менен бирге, коомдун өнүгүшүнүн азыркы баскычын талдоо жана өз алдынча жашоого кадам коюу алдында турган Сен сыяктуу окуучуларга өз турмуштук келечегиңди белгилеп алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү билимдерди калыптандырат. Бул билимдер дүйнө элдеринин маданиятынын ар бири өзүнө мүнөздүү баалуу экендигин, гуманизм жана патриоттук принциптери, жарандык коому жана укуктук мамлекет идеяларына негизделген жалпы инсандык баалуулуктарды таанууга жардамдашат.
Коомдун өнүгүүсүнүн маанилүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн билип алуу, өнүгүүнүн өзүнө мүнөздүү жолдорун түшүнүү жана келечектери жөнүндө элестетүүлөргө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берет. О.э, алган билимдериң алдыңкы мамлекеттердин тарыхый тажрыйбасын Өзбекстанда чыгармачыл колдонууга жардам берет.
