Сүрөт өнөрү, 3 класс, Худайберганов Р., 2022.
Учебник по изобразительному искусству для 3 класса на киргизском языке.
Ардактуу окуучу! Сен 2-класста «Сүрөт өнөрү» китеби аркылуу «Графика», «Айкелчилик», «Живопись» жана «Композиция» темалары боюнча башталгыч маалыматтарды үйрөндүң. Графикалык сүрөттөрдү тартуу, ылай жана пластилинден көлөмдүү бөртмө жана тоголок айкелдер жасоо, тартылган сүрөттөргө түс берүү, теманын негизинде композиция түзүү боюнча практикалык көндүмдөрдү ээледиң. 3-класста да бөлүмдөр удаалаштыгында кызыктуу темаларды үйрөнүү менен бирге сүрөт тартуу жана айкел жасоо, чыгармачыл композициялар түзүү боюнча жаңы көндүмдөрдү пайда кыласың.
