Учебник по музыке для 4 класса на киргизском языке.
Урматтуу окуучулар! Ар бир элдин кадырлуу ырлары, күү-обондору, бир сөз менен айтканда улуттук музыкасы болот. Элдик музыка — көп жана узак кылымдык сыноолордон өткөн жана жан дүйнөбүздөгү руханий байлыгыбыз.
Ар түрдүү аспаптарыбызда аткарылып жүргөн улуттук обондорубуз болсо, мына ушул руханий байлыктын ажыралгыс бөлүгү.
Колуңардагы окуу китеп силерди мына ушундай руханий сулуулук менен байлыктардан пайдалануу максатында жазылган.
Анда элибиздин жашоо тиричилиги, эмгек ишаракети жана түрдүү майрамдык үрп-адаттары менен байланыштуу ырлары, улуттук аспаптары жөнүндөгү маалыматтар менен таанышасыңар, укмуштай ыр-күүлөрдү угасыңар, алардын айрымдарын аткарууну үйрөнөсүңөр. Ошондой эле, Өзбекстан жана Кыргызстан композиторлору жана обончуларынын окуучулар үчүн жазган чыгармалары менен таанышасыңар.
